THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Илимий-изилдее иштерине сынак жарыялоо

10.03.2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары – Академия) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлерин жана муниципалдык кызматкерлерин 2026-жылга мамлекеттик заказдын негизинде окутууну ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 841-т тескемеси менен бекитилген мамлекеттик заказга ылайык, төмөнкү темалар боюнча илимий-практикалык изилдөөлөрдү/илимий-изилдөө иштерин (мындан ары – ИПИ–ИИИ) жүргүзүү үчүн Консалтинг компанияларынын (Изилдөө борборлорунун) жана/же Эксперттик топтордун арасында конкурс жарыялайт:

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын ишинде санариптик технологияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолдору (Техникалык тапшырманы бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот: ЖҮКТӨӨ);
  2. Мамлекеттик заказдын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууну пландаштыруунун жана бюджеттөө методологиясын иштеп чыгуу (Техникалык тапшырманы бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот: ЖҮКТӨӨ);
  3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоонун заманбап системасын түзүү: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү менен интеграциялоо (Техникалык тапшырманы бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот: ЖҮКТӨӨ);
  4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматында социалдык кепилдиктер жана дем берүү системасын түзүү жана ишке киргизүү (Техникалык тапшырманы бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот: ЖҮКТӨӨ);
  5. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткаруунун натыйжалуулугун аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын деңгээлинде жогорулатуу: көйгөйлөр жана чечүү жолдору (Техникалык тапшырманы бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот: ЖҮКТӨӨ);
  6. Социалдык кызматтарды борбордон ажыратуу, жеткиликтүүлүктү, даректүүлүктү жана сапатты оптималдаштыруунун фактору катары: реалдуу абалы, мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги (Техникалык тапшырманы бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот: ЖҮКТӨӨ).

Конкурска катышууга кызыккандардар болгон Консалтинг компаниялары (Изилдөө борборлору) жана/же Эксперттик топтор ИПИ–ИИИ темасын көрсөтүү менен төмөнкү документтерди камтыган арыздарын жөнөтүшү зарыл:

  1. ИПИ–ИИИ темасын жана тандалган теманын негиздемесин көрсөтүү менен коштомо кат;
  2. Компаниянын профайлы (тартылган эксперттердин резюмелерин кошо) / топтун жетекчисин көрсөтүү менен эксперттердин резюмелери;
  3. Техникалык тапшырмага ылайык ИПИ–ИИИ ишке ашыруу планы;
  4. Мурда аткарылган ИПИ–ИИИ иштерин киргизүү актылары;
  5. Ар бир эксперт үчүн финансылык сунуш / күтүлгөн эмгек акы;
  6. Сунуш каттар.

Конкурска катышуу үчүн арыздар “ИПИ–ИИИ конкурсуна (темасын көрсөтүү менен)” деген белги менен info@apap.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.

Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү – 2026-жылдын 23-марты, саат 18:00гө чейин узартылды.

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Бардык суроолор боюнча Изилдөөлөр жана аналитика бөлүмүнө төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0550 800 389, Нурманбетова Карлыгач Юсупжановна.