КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Мектеп окуучулары КРнын Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында экскурсияда болушту

26.05.2026

2026-жылдын 20-майында Ыссык-Көл районуна караштуу Кожояр-Ата айылынын Петр Федосеевич Колесников атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы Мамлекттик башкаруу академиясынын имараты менен таанышышты. Иш-чаранын алкагында алгач академиялык ишмердүүлүктү уюштуруу жана методология бөлүмүнүн жетекчиси А. К. Кыдыкбаева сөз сүйлөп, тарых илимдер доктору А. Б. Болпонова окуучуларга “Саясий лидерлик жана коомго кызмат” аталышындагы лекция өттү.

Бул иш-чара мектеп окуучуларын билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана аларды шыктандырып, жаштарды руханий адеп-ахлактык жактан тарбиялоо максатында жогоруда аталган айыл жаштары тарабынан демилгеленип 4-курстун студенти Кубанычбек уулу Улук тарабынан уюштурулган.