КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

ОКБ

Кафедранын сыпаттамасы:

«Маалыматтык системаларды башкаруу» орто кесиптик билим берүү программасынын жетекчиси, Россия Табигый илимдер академиясынын эл агартуунун отличниги, экономика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу

Осмонбетова Венера Кубанычбековна

720048, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 265

 

«Маалыматтык системаларды башкаруу» орто кесиптик билим берүү программасы (ОКББ) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын (КРПКМБА) курамына кирет.  Академиянын түзүмдүк бөлүмү катары орто (ОКББ) орто кесиптик билим берүүнүн базалык программаларын ишке ашырат жана окутуунун контракттык каражаттарынын эсебинен бюджеттен тышкаркы каржылоо менен камсыз кылынат.

Билим берүү иш-чаралары

«Маалыматтык системаларды башкаруу» ОКББ программасы  өз ишин 2023-жылы орто кесиптик билим берүү программаларын негизинде иштеп баштаган. Билим берүү иши Кыргыз Республикасынын колдонуудагы лицензияларына ылайык; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 21-сентябрындагы 1578/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде жана  КРПКМБАнын окуу жана илимий-өндүрүштүк базасында, анын ичинде финансы-экономикалык, бухгалтердик эсеп бөлүмү аркылуу жүзөгө ашырылат. Бүгүнкү күндө дээрлик ар бир уюмдун өзүнүн корпоративдик маалымат системасы бар жана IT аркылуу банктык төлөмдөрдү жүргүзөт. Ошондуктан уюмдарга тез арада эки “тилде” – башкаруу тили менен маалыматтык технологиялардын тилин билген адистер керек.

"Маалыматтык системаларды башкаруу" ОКББ программасы- IT адистери менен ишкана кызматкерлеринин ортосунда натыйжалуу байланыш түзө алган маалыматтык технологиялар тармагында билими бар менеджерлерди даярдайт. Кесиптик орто билим берүүнүн студенттери заманбап маалыматтык системалардын иштешине жана модификациясына байланыштуу билимдерди жана көндүмдөрдү гана алышпастан, башкаруу теориясын өздөштүрүшөт жана уюштуруучулук жүрүм-турумду да үйрөнүшөт.

 Окуу пландары окуунун акыркы максаттарына көңүл буруу менен түзүлгөн: санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүдө санариптик билим берүүнү киргизүү; IT билим берүүнү өнүктүрүү; практикага багытталган билим берүү моделинин дуалдык системасын киргизүү. Окууну аяктагандан кийин орто кесиптик билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрү орто кесиптик билими жөнүндө диплом алышат.

ОКББ программасы 08.05.01 «Маалыматтык системаларды башкаруу» багыты боюнча адистерди даярдайт.

  • Квалификация: менеджер
  • Окуу меенету 1 жыл 10 ай

«Маалыматтык системаларды башкаруу» орто кесиптик билим берүү программасынын мугалимдери:

  • илимдердин докторлору жана кандидаттары;
  • алдыңкы IT адистери;
  • практиктер.

«МААЛЫМАТ СИСТЕМАЛАРЫН БАШКАРУУ» ОББПнын миссиясы: кызыкдар тараптардын талаптарына жана күтүүлөрүнө жооп берген, маалыматтык технологияларды өздөштүргөн, санариптик трансформациянын көйгөйлөрүн натыйжалуу чече алган атаандаштыкка жөндөмдүү орто деңгээлдеги адистерди даярдоо.

ЖАҢЫЛЫКТАР

19.03.20024 жылы  Ж.Абдрахманов атындагы Президентке караштуу башкаруу академиясынын орто билим перуу программасынын  студенттери үчүн  «Диний экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы аракеттенүүнүн криминалдык, саясий, криминологиялык аспектилери» деген темада конок лекциясын отту. Лекцияны экономика илимдеринин кандидаты, Россиянын Табигый илимдер академиясынын профессору Б.Д.Какешов окуду.