КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү институту

Сыпаттама

МБОИнин мудуру  

Шамкеев Бактыбек Абылкасымович

Адрес: 720040 г. Бишкек, ул Панфилова, 237, каб.504/1

Байланыш телефон: 0312 623133

 e-mail: institut.research237@gmail.com

Мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү институту Кыргыз Республикасында мамлекеттик саясатты жана башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө илимий-изилдөө, эксперттик-талдоо жана консультациялык иш алып барат, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн илимий-талдоо ишин камсыз кылат.

Мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү институту 4-ноябрь 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин  "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгына ылайык 01-октябрь 2015-жыл №188 кабыл алынган.

МБОИнин негизги максаты Кыргыз Республикасында мамлекеттик саясатты жана башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө илимий-изилдөө, эксперттик-талдоо, консультациялык ишти жүзөгө ашыруунун натыйжалуу системасын түзүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин илимий-талдоо жагынан камсыз кылуу болуп саналат.

МБОИнин негизги милдеттери:

* Мамлекеттик башкаруу саясатынын маселелери боюнча илимий жана аналитикалык изилдөөлөргө мамлекеттик заказ системасын өнүктүрүү;

* Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик деңгээлине карата илимий негизделген базалык талаптарды иштеп чыгуу, бул талаптарды илимий-методикалык жактан коштоо;

• Мамлекеттик саясатты башкаруу жана чет өлкөлүк мыкты тажрыйбаны адаптациялоо маселелери боюнча илимий жана аналитикалык изилдөөлөр жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү (ыкмалар жана практика);

* Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга методикалык, изилдөөчүлүк жана башка консультациялык кызматтарды көрсөтүү;

* Мамлекеттик саясат жана башкаруу маселелери боюнча ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана экспертизадан өткөрүү;

* КРПМБАнын илимий-изилдөө, эксперттик-аналитикалык консультациялык ишин ишке ашыруу үчүн методикалык инструменттерди иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;

МБОИ ишинин актуалдуулугу мамлекеттин сапаттуу мамлекеттик башкарууга болгон чоң муктаждыгы менен аныкталат, ал бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга калктын муктаждыктарына жооп берет, натыйжада Кыргызстандын элинин бийликке болгон ишенимин камсыз кылат.

МБОИ өз ишинде пайдаланган стратегиялык документтер жана ориентирлер:

* КР өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки Улуттук программасы;

* 2023-2035-жылдарга кадрларды өнүктүрүү жана калыптандыруу боюнча мамлекеттик стратегия;

* "Электрондук өкмөт"системасын киргизүү үчүн адам капиталын өнүктүрүү;

* Санариптик мамлекетке өтүү;

* Мамлекеттик башкаруучуларды эл аралык илимий коомчулукка интеграциялоо.

МБОИнин илимий изилдөө ишмердүүлүгү

Илимий иштер Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын профессордук-окутуучулук курамынын жана окуп жаткандардын ишмердигинин маанилүү түрлөрүнүн бири болуп саналат. Илимий-изилдөө иши Кыргыз Республикасында илимди, технологияны, билим берүүнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты боюнча жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну өнүктүрүү жаатындагы илимий изилдөөлөр.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү аяктады.

Изилдөөлөр 23-жылдын 31-январынан 2023-декабрына чейинки мезгилде БИМдин мамлекеттик тапшырыгынын алкагында жүргүзүлгөн.

Техникалык тапшырманын алкагында төмөнкү актуалдуу темаларга 2 тапшырма ишке ашырылды:

1. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды тандоонун жана окутуунун жаңы моделин иштеп чыгуу"

2. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасынын иштөөсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу методдорун изилдөө"

Изилдөө иштерине Академиянын профессордук-окутуучулук курамынан жана илимий кызматкерлеринен 22 аткаруучу тартылган.

Изилдөөнүн максаттары үчүн анкеталоонун онлайн жана оффлайн ыкмалары, кабинеттик изилдөөлөр, уюштуруу-функционалдык талдоо, мамлекеттик органдардын катышуусу менен фокус-топтор колдонулган.

Изилдөө милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө мамлекеттик аппаратты андан ары профессионалдаштырууга багытталган тиешелүү сунуштар, методикалар иштелип чыкты.

Изилдөө долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгы жана алынган тажрыйба боюнча долбоордук топтор изилдөөлөрдү улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.