КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Бакалавриат

Сыпаттама

Программанын башчысы: Кадырбердиева Аида Садыбакасовна

Дареги: 720040, Бишкек шаары, Панфилов көч., 237, каб.407 (б)

Байланыш номери: 0312 623 135

e-mail: bakalavriat@gmail.com

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы бул мамлекеттик кызматтагы, бизнестеги жана илимдеги карьера үчүн эң сонун башталыш. Бул жерде өлкөгө керектүү жогорку класстагы адистер даярдалат.

Бакалавриат программасы Академиянын жогорку кесиптик билим берүү мектебинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, ал Кыргызстандын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү бакалавр программалары боюнча окуу процессин уюштуруу, ишке ашыруу боюнча функцияларды аткарат.

Бакалавриат программасынын миссиясы - бакалавр программаларынын деңгээлинде теориялык жана кесиптик билимдерге, уюштуруучулук – башкаруучулук, коммуникативдик сапаттарга, ийгиликке жетүүгө багытталган социалдык көндүмдөргө ээ мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика, менеджмент, ошондой эле юриспруденция чөйрөсүндө башкаруучулук чечимдерди тез жана натыйжалуу кабыл ала билген жогорку кесипкөй мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды максаттуу даярдоого көмөктөшүү.

Программанын негизги максаты Академиянын миссиясына ылайык экономика, менеджмент, ошондой эле Кыргыз Республикасынын юриспруденция чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жогорку квалификациялуу кадрларын даярдоо боюнча Академиянын билим берүү программаларын ишке ашыруу болуп саналат.

Билим берүү программалары

Программанын билим берүү иши Кыргыз Республикасынын Жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде жүргүзүлөт. Бакалавриат программасы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика, менеджмент, ошондой эле юриспруденция чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын даярдоогу окуу процессин уюштурууну жана координациялоонун төмөнкү багыттары боюнча жүзөгө ашырат:

1. Багыты: 580900 "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу"

Профили: "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу"

2. Багыты: 580100"Экономика"

Профили: "Финансы жана кредит"

Профили: "Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит"

Профили: "Экономика жана бизнести башкаруу"

3. Багыты: 580200 "Менеджмент"

Профили: "Уюмдун менеджменти (тармактар жана иш чөйрөсү боюнча)"

Профили: "Финансылык менеджмент"

4. Багыты: 530500 "Юриспруденция"

Профили: "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү юрист"

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу Академиясынын Бакалавриат программаларынын артыкчылыктары:

  • Кыргызстандагы эң абройлуу ЖОЖдордун биринин жогорку билими тууралуу дипломун алуу
  • Академиянын бакалавриат программасында алган жогорку кесиптик билим Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө жогору бааланышы
  • Президенттик статусу бар Академияда окуу
  • Билим берүү процессине эл аралык өнөктөш – университеттерден дүйнөгө аты чыккан чет өлкөлүк адистердин катышуусу. Алар семинарларды, окуу программаларын, семинарларды өткөрүшөт.

Менеждер Сейдесимбаева Айгина Шекребековна

 

Менеждер Абдыбекова Салтанат Исагалиевна

 

Менеждер Быржыбаева Майрам Аманкуловна