КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Эл аралык кызматташтык

  • Мамлекеттик саясат жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк билим берүү мекемелери менен эл аралык байланышты түзүү жана аны өнүктүрүү;

  • Эл аралык илимий-билим берүү мекемелердин жана уюмдардын калыптануусуна катышуу, эл аралдык мекемелерге кирүү;

  • Билим берүү жараянына жана Академиянын илимий иштерине катышуу үчүн чет өлкөлүк мугалимдерди жана адистерди тартуу;

  • Эл аралык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу үчүн кызматташтыкты орнотуу;

  • Эл аралык конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, тегерек столдорду, Академиянын илимий ишмердиги жана окутуу боюнча кеңешмелерди уюштруу жана аларга катышуу;

  • Студенттер, Академиянын өнөктөштөрү, ошондой эле мамлекеттик түзүлүштүн өкүлдөрү үчүн мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү дүйнөлүк алдыңкы серепчилердин, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, дипломаттардын, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен конок лекцияларын жана семинларын уюштуруу;

  • Кызматкерлерди, профессордук–окутуучулук курамды, Академиянын машыктыруучуларын (мугалимдерин) жана Мамлекеттик муниципалдык кызматкерлерди, квалификациясын жогорулатуу жана эл аралык иш-чараларга катышуу үчүн чет өлкөгө жөнөтүү;

  • Студенттерди жана магистранттарды бакалаврдык жана магистердик программалар боюнча окууга чет өлкөгө жөнөтүү;

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин, магистердик жана PhD программасы боюнча чет өлкөлүк жож-өнөктөштөргө (ЖОЖ – жогорку окуу жайы) жөнөтүү;

 

Азыркы учурда Академиянын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар жана эл аралык уюмдар менен түзүлгөн 60 ашуун аракетте болгон макулдашуусу бар. Туруктуу негизде биргелешкен конференциялар, семинарлар, тегерек столдор өткөрүлүп, мамлекеттик башкаруу жаатында илимий иштер жана академиялык алмашуу программасы ишке ашырылып келет.

КМШ, Европа жана Азиянын беделдүү билим берүү мекемелери менен кызматташтык жөнүндө меморандумдары түзүлдү. Макулдашуулар студенттер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн биргелешкен программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга, профессордук–окутуучулук курамдын жана Академия кызматкерлеринин илимий дараметин жогорулатууга, илимий изилдөөлөрдү өткөрүүгө, долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга багытталган.

 

Академия төмөнкү уюмдар менен кызматташат жана төмөнкү уюмдардын мүчөсү болуп эсептелет:

 

  • Мамлекеттик башкаруу Азия ассоцияциясы (Asian Association for Public Administration);

  • Астана шаарындагы Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Аймактык хабы;

  • Кылмыш жолу аркылуу табылган кирешени легалдаштырууга (акчанын изин жашырууга) жана терроризмди каржылоого каршы чара көрүү боюнча Тармактык институт;

  •  ЖККУ (Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун) мүчөлөрүнүн – мамлекеттер Университеттик лигасы;

  • Азия Университеттери Ассоциясыны;

  • Евразия университеттери ассоцияциясы;

  • The Central and East European Management Development Association (CEEMAN);

  •  The Network of Institutes and Schools of Public Administration in Central and Eastern Europe (NISPAcee);

  •  IASIA Ассоцияциясынын (мамлекеттик башкаруу мектептеринин жана институттарынын эл аралык ассоцияциясы) мамлекеттик башкаруунун дүйнөлүк мектептерин бириктирүүчү.

 

Ханнс Зейделдин Фонду менен Академия тыгыз кызматташтыкта, аталган Фонд мамлекеттик башкарууга байланышы бар магистердик программаларга активдүү түрдө колдо көрсөтүп келет. Жыл сайын 100дөн ашуун кызматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Академия менен фонддун биргелешкен магистерлик программаларынан акысыз билим алышат. Мындан тышкары ар жыл сайын түштүк кореялык Хан-Янь Университети («Hanyang University») менен («E-School» программасынын линиясы – мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү бакалаврият жана магистратура программасынын окуучулары үчүн англис тилиндеги дистанциялык курсу) кызматташуу ишке ашырылып келет.

Академия Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ), Евразия Өнүктүрүү Банкы (ЭӨБ), Эл аралык Миграция Уюму (IOM), БУУ-APCICIT / ESCAP («Women ICT Frontier Initiative «WIFI») менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча ири эл аралык долбоорлорду ишке ашырат. Ошондой эле Erasmus Plus программасынын алкагында (“ Erasmus Mundus ”,“ TEMPUS ”менен кошо). Мамлекеттик башкаруу жаатында бир катар илимий долбоорлор Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ), Кореянын Өнүктүрүү Институту (KDI "Билим Бөлүштүрүү Программасы") менен биргеликте ишке ашырылууда.