КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Академиянын Логотипи

АКАДЕМИЯНЫН ЛОГОСУНУН ЧЕЧИЛИШИ

          

Логотип 2015-жылдын май айында иштелип чыгып, 2015-жылдын ноябрында күчүнө кирген.

Логотип үч тилде иштелип чыккан: мамлекеттик, расмий жана чет өлкөлүк - англис.

Логотиптин автору — Академиянын эмгек жамааты.

Академиянын логотипинин философиясы Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” трактатынын негизги принциптерине негизделип, “Сапаттуу билим берүү – Кыргыз Республикасында адамдын өнүгүүсүнө багытталган адилет башкаруунун жолу” деп аныкталган.

Логотиптин формасы жана мазмуну:

Форма ромбка негизделген. Ромб төрт негизги багытка туура келген төрт элементтен турган бүтүндөй материалдык дүйнөнүн символу. Бул адамдын космос менен пропорционалдуулугунун символу жана ромбдун эки үч бурчтугунун байланышы, үч бурчтуктун чокуларында жайгашкан Билим жана Күч дегенди билдирет, алар эң жогорку Акылмандыкты берет.

Ромбдун ичинде Тундукка логикалык чыгуучу сызык бар, анын формасы адамды символдоштурган. Тундук – Кыргызстандын символу, Кыргыз Республикасынын гербинин негизги элементи, Кыргыз Республикасынын мамлекетине таандык. Адам кейпиндеги фигура өлкөнүн адамдык өнүгүүсүнө мамлекеттин көңүл буруусун билдирет - Кыргыз Республикасында калыптануу жана өсүү стадиясында турган «№1» адам ресурсу. Тармактуу сызыктар түрүндөгү адамдын тулкусу өлкөдөгү адамдар үчүн кайра жаралуу жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү билдирет.

Логотиптин түсү:

Көк - акылмандыктын жана ишенимдин түсү. Көптөгөн элдер, анын ичинде түрк элдери үчүн көк түс түбөлүктүүлүктүн жана бейиштин символу болуп, ишенимдүүлүктү, чынчылдыкты, аруулукту, туруктуулукту, боорукердикти жана жакшы атак-даңкты билдирет.