КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБА ЖАНА БКЭТ БИЗДИН ЭР ЖҮРӨК ДАРЫГЕРЛЕРГЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮШТҮ

14.04.2020

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы жана ага баш ийген А. Токтоналиев атындагы Бишкек каржы-экономикалык техникалык мектеби (БКЭТ) коронавируска каршы күрөштүн алдыңкы сабында турган эр жүрөк дарыгерлерибизге колдоо көрсөттү.

150 000 сомдон ашык суммага чогултулган каражатка 237 респиратор жана жугуштуу оорулар боюнча адистер үчүн 238 атайын көз айнек сатылып алынып, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине тапшырылды!

Биздин күчүбүз биримдикте! Бардыңыздарга ийгилик жана оорубаңыздар!

Дарыгерлерге жардам берели, алар оорулууларга жардам беришсин!