КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАнын дистанттык билим берүү программасынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү

19.04.2019

Бүгүн 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында (КРПМБА) “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу”, “Экономика” жана “Менеджмент” магистердик программаларынын дистанттык бөлүмүнүн  бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын (МКК) директорунун орун басары Алышбаев К.К. жана КРПМБАнын ректору Акматалиев А.А., КРПМБАнын проректору Базарбаев К.Б., БЖМнин директору Баймулдинова А.Т. жана башка жетекчилер катышышты.

КРПМБАнын ректору Акматалиев А.А. өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга ак жол каалап, иштеген иштерине жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын өнүгүп өсүшүнө түздөн-түз Академиядан алган билими пайдалуу болоорун айта кетти. ММКнын директорунун орун басары Алышбаев К.К. куттуктоо сөзүндө бүтүрүүчүлөрдүн дагы бир эмгек жолундагы баскычына кадам шилтеп Академиядан алган билимдерин мамлекеттик кызматты жакшыртууга жана өркүндөтүүгө өз салымдарын кошооруна жана жер-жерлерде эл менен иштөөдө мыкты адистигин көрсөтө алат деген ишеничте экенин айта кетти.

Ошондой эле бүтүрүүчүлөр тарабынан жалпы Академиянын жамаатына алган билимдерине, тажрыйбаларына ыраазычылыктарын билдирип кетишти.