THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова КРПМБАнын ишмердүүлүгү менен таанышты.

06.02.2026

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын (КРПМБА) ишмердүүлүгү жана мамлекеттик башкаруу органдары үчүн кесипкөй кадрларды даярдоо системасында колдонулган алдыңкы тажрыйбалар менен таанышты.

Жолугушуу учурунда КРПМБАнын ректору Айгюль Калчакеева министрге окуу процессинин уюштурулушу, ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары жана окутулуп жаткан дисциплиналар, ошондой эле Академиянын 2025-жылдагы жетишкендиктери жана кесиптик башкаруу компетенцияларын калыптандырууга багытталган практикалык окутуу ыкмалар жөнүндө маалымат берди.

Видеону бул жерден көрө аласыздар https://www.facebook.com/share/r/1CBWJQNjc8/.