THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Мамлекеттик башкаруу жана ESG-саясаты

Мамлекеттик башкаруунун жаңы муундагы лидерине айланып, туруктуу өнүгүү саясатын жүзөгө ашырууга салым кошууну каалайсызбы?

«Мамлекеттик башкаруу жана ESG-саясаты»

инновациялык магистрдик билим берүү багыттамасы боюнча билим алууга чакырабыз!

«Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» 580900 багыттамасы

«Мамлекеттик башкаруу жана ESG-саясаты» профили

«Мамлекеттик башкаруу жана ESG-саясаты» Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ESG жана туруктуу мамлекеттик башкаруу жаатында адистерди даярдоого багытталган, Erasmus+ ESGCA эл аралык долбоорунун (Bridging Environmental Concerns, Societal Needs, and Good Governance in Central Asian Education and Employment Sectors) алкагында ишке ашырылат.

Программа мамлекеттик башкаруунун заманбап эл аралык стандарттарын, ESG (экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу) принциптерин, Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарын, мамлекеттик секторду санариптик трансформациялоо багыттарын жана Европанын алдыңкы билим берүү тажрыйбаларын эске алуу менен иштелип чыккан.

Бул багыттама төмөнкү категориядагы угуучулар үчүн арналган:

  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн;
  • Мамлекеттик уюмдардын адистери үчүн;
  • Эл аралык долбоорлордун кызматкерлери үчүн;
  • Уюмдардын жетекчилери үчүн;
  • Жаш изилдөөчүлөр жана аналитиктер үчүн.

Окутуу цикли аяктагандан кийин бүтүрүүчү магистрдик даярдоонун квалификациялык талаптарына ылайык келген кесиптик компетенциялардын жыйындысына ээ болот:

  • Стратегиялык ESG-башкаруу: мамлекеттик органдардын туруктуу өнүгүү стратегияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, климаттык тобокелдиктерди башкаруу.
  • Санариптик трансформация: мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү үчүн GovTech жана жасалма интеллекттин (AI) мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик трансформациялоо процесстерин башкаруу.
  • Мамлекеттик саясат жана лидерлик: ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, мамлекеттик саясатка талдоо жүргүзүү, дисциплиналар аралык командаларды жетектөө, чыр-чатактарды жөнгө салуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
  • Мамлекеттик финансы жана изилдөөлөр: жашыл бюджеттөө инструменттерин колдонуу, мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун талдоо, прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, аналитикалык баяндамаларды, policy brief документтерин жана эксперттик корутундуларды даярдоо.

Багыттаманын артыкчылыктары:

  • Заманбап эл аралык билим берүү программасы;
  • Европалык билим берүү стандарттарына ылайык окутуу;
  • Практикага багытталган окутуу (кейс-талдоолор, Policy Lab, долбоордук иштер);
  • Алдыңкы улуттук жана эл аралык эксперттердин катышуусу;
  • Мамлекеттик органдарда, эл аралык уюмдарда жана өнүктүрүү
  • Долбоорлорунда талап кылынган кесиптик компетенцияларды калыптандыруу;
  • Башкаруучулук, аналитикалык жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө даярдоо.

Багыттаманын бүтүрүүчүлөрү кесиптик ишмердүүлүгүн төмөнкү багыттарда уланта алышат:

  • Мамлекеттик башкаруу органдарында;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүндө;
  • Эл аралык уюмдарда жана институттарда;
  • Эл аралык өнүктүрүү программаларында жана долбоорлорунда;
  • Аналитикалык жана эксперттик борборлордо;
  • Илимий-изилдөө мекемелеринде;
  • Жогорку жана кесиптик билим берүү уюмдарында;
  • Консалтингдик компанияларда;
  • Туруктуу өнүгүү жана ESG-стратегияларын ишке ашыруучу уюмдарда.

Окуу мөөнөтү: 2 жыл

Каттоо төмөнкү негизде жүргүзүлөт:

  • келишимдик негизде – жылына 56 000 сом.

Ыйгарылуучу квалификация: Магистр.

Документтерди кабыл алуу башталды!

ТУРУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУН ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ЛИДЕРЛЕРИНИН КАТАРЫНА КОШУЛУҢУЗ!