THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана аялдардын лидерлиги

Мамлекеттик башкаруунун жаңы муундагы лидерине айланып, туруктуу өнүгүү саясатын жүзөгө ашырууга салым кошууну каалайсызбы?

«Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана аялдардын лидерлиги»

магистрдик билим берүү багыттамасы боюнча билим алууга чакырабыз!

«Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» 580900 багыттамасы:

«Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана аялдардын лидерлиги» профили:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын, ошондой эле 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоого багытталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында, 2024-жылдын 14-июнунда Жусуп Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашырууга кызыкдар болгон уюмдардын катышуусунда кеңейтилген жолугушуу болуп өттү. Бул иш-чара БУУ-Аялдар программасынын (UN Women) колдоосу менен уюштурулду.

«Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана аялдардын лидерлиги» мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга, гендердик теңчилик таянымдарынын киргизүүгө жана аялдардын лидерлигин колдоого багытталган сапаттуу мамлекеттик башкарууну камсыз кылууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди (магистрлерди) даярдоо. Окутуу аялдардын өлкөнүн саясий жана коомдук турмушуна катышуусунда тең укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу боюнча кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталат.

Бул багыттама төмөнкү категориядагы угуучулар үчүн арналган:

  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн;
  • Мамлекеттик уюмдардын адистери үчүн;
  • Эл аралык долбоорлордун кызматкерлери үчүн;
  • Уюмдардын жетекчилери үчүн;
  • Жаш изилдөөчүлөр жана аналитиктер үчүн.

Программасын өздөштүрүүнүн жыйынтыгында бүтүрүүчү төмөнкү кесиптик компетенцияларга ээ болот::

Стратегиялык башкаруу: гендердик багытталган ыкманы эске алуу менен мамлекеттик багыттамаларды иштеп чыгуу жана алардын аткарылышын мониторингдөө инструменттерин колдонуу жөндөмүнө ээ болот.

Этикалык лидерлик: коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга жана бийлик институттарына болгон ишенимди жогорулатууга багытталган заманбап этикалык башкаруунун таянымдарына(принциптерин) жана ыкмаларын өздөштүрөт.

Илимий-изилдөө потенциалы: эмпирикалык маалыматтардын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык секторду өнүктүрүүнүн илимий жактан негизделген башбагытын (стратегияларын) иштеп чыгуу жана сыноодон өткөрүү жөндөмүнө ээ болот.

Аналитикалык компетенттүүлүк: социалдык-саясий процесстерге, анын ичинде миграциялык агымдарга, билим берүү башбагытына(стратегияларына) жана социалдык саясаттын алдын алуучу чараларына комплекстүү илимий-изилдөө талдоосун жүргүзүү жөндөмүн калыптандырат.

Багыттаманын артыкчылыктары:

  • Институционалдык колдоо: Багыттама Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы №62 Жарлыгынын ченемдик жоболорун ишке ашыруу инструменти катары жүзөгө ашырылат.
  • Методологиялык инновация: Окуу-методикалык комплекс эл аралык өнүктүрүү институттарынын (БУУ түзүмдөрүнүн) катышуусунда киргизилген алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды колдонуу менен иштелип чыккан. Бул академиялык мобилдүүлүктүн жогорку деңгээлин жана дүйнөлүк стандарттарга шайкештикти камсыз кылат.
  • Практикага багытталган чөйрө: Багыттама иштеп жаткан башкаруучулардын тажрыйбасын камтыйт, бул мамлекеттик башкаруудагы көйгөйлөрдү дисциплиналар аралык талдоо жана практикалык изилдөө үчүн шарттарды түзөт.

Багыттаманын бүтүрүүчүлөрү кесиптик ишмердүүлүгүн төмөнкү багыттарда уланта алышат:

  • Мамлекеттик башкаруу органдарында;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүндө;
  • Эл аралык уюмдарда жана институттарда;
  • Эл аралык өнүктүрүү программаларында жана долбоорлорунда;
  • Аналитикалык жана эксперттик борборлордо;
  • Илимий-изилдөө мекемелеринде;
  • Жогорку жана кесиптик билим берүү уюмдарында.

Окуу мөөнөтү: 2 жыл

Окутуу төмөнкү негизде жүргүзүлөт:

  • келишимдик негизде – жылына 56 000 сом.

Ыйгарылуучу квалификация: Магистр

Документтерди кабыл алуу башталды!

ТУРУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУН ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ЛИДЕРЛЕРИНИН КАТАРЫНА КОШУЛУҢУЗ!