КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

"Инсандын интеллектуалдык өнүгүүсүнүн зарылчылыгы жана мааниси" темасында конок лекция

01.12.2022

2022-жыдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында  Профессор Джо Гю Юндун "Инсандын интеллектуалдык өнүгүүсүнүн зарылчылыгы жана мааниси" темасында конок лекциясы болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич алгач сөз сүйлөп, лектор IMEI (Интеллектуалдык билим берүү эл аралык институту, Корея Республикасы) директору, профессор Джо Гю Юнду тааныштырып сөз узатты.

Лекциянын жүрүшүндө профессор Джо Гю Юн Кореянын тарыхы, экономикалык жана социалдык өнүгүүсү, ошондой эле интеллектуалдык өнүгүүнүн багыттары тууралуу айтып берди.

Иш чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы жана IMEI (Интеллектуалдык билим берүү эл аралык институту, Корея Республикасы) ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.