КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

"Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасындагы менеджменттин куралдары жана компетенциялары"

19.11.2022

2022-жылдын 2-5-ноябрларында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында  Бавария Мамлекеттик Башкаруу мектебинин (Бавария, Германия) окутуу бөлүмүнүн башчысы Раймунд Хельфрих мырзанын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасындагы башкаруу куралдары жана компетенциялары" темасындагы мастер-классы болуп өттү. Мастер-класстын катышуучулары Академиянын "жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу" биргелешкен магистрдик программасынын магистранттары болушту. Иш-чараны Академиянын Административдик жогорку мектебинин  директору У.О. Аманалиев ачты. Саламдашуу сөздөрү менен Фонддун башкы кеңсесинин Түндүк-Чыгыш жана Борбордук Азия бөлүмүнүн башчысы Дебора Тидекс-Чжоу айым жана Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы долбоорунун жетекчиси доктор Макс Георг Майер чыгышты. Мастер-класстын жыйынтыгы боюнча магистранттарга сертификаттар тапшырылды.