КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАна 15 өлкөдөн келген Ханнс Зайдель Фондунун стипендиаттары менен жолугушуу болуп өттү

28.06.2022

2022-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында 15 өлкөдөн келген Ханнс Зайдель Фондунун стипендиаттары менен жолугушуу болуп өттү.

Академиянын проректору Баймулдинова Анара Токталиевна, Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы директору, доктор Макс Георг Майер алгач  сөз сүйлөшуп,  Академиянын Кыргызстандагы Ханнс Зайдель Фондунун ишмердүүлүгү , биргелешкен иш  аракеттер  жана билим берүү процесси жөнүндө баяндама жазашты.

Ошондой эле эксперт Жылдыз Ничарапова “Кыргызстандын 1991-жылдагы эгемендүүлүктү алгандан берки саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүүсү” темасында баяндама жасады.

Суроо-жооп форматында Академиянын коноктору кызыккан суроолорун берип, жоопторду алышты.

Кыргызстанга 15 өлкөдөн: Германия, Греция, Армения, Казакстан, Италия, Түркия, Азербайжан, Украина, Тунис, Филиппин, Ливия, Россия, Иран, Ливан, Колумбиядан Ханнс Зайдель Фондунун стипендиаттарынын делегациясы келди. Юбилейлик датанын урматына быйыл алар визит үчүн өлкөнү – Кыргызстанды тандап алышты.