КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

2022-жылдын 17-19-июнунда КРПМБАнын Ак-Толкун пансионатында тимбилдинг өткөрүлдү

27.06.2022

2022-жылдын 17-19-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясынын Ак-Толкун (Чолпон-Ата ш.) пансионатында Академиянын студенттери, магистранттары, бүтүрүүчүлөрү, окутуучулары, кызматкерлери жана Академиянын алдындагы БФЭТ  менен биргеликте  тимбилдинг өткөрүлдү. Мындай иш-чара Академия үчүн салтка айланып, жылдан жылга Ак-Толкун пансионатында Академиянын кызматкерлери жана студенттери жайкы сезонду ачышат: пансионаттын аймагында ишембилик, маданий иш-чаралар  ошондой эле ар кандай жайкы мектептер өткөрүлүүдө.

Бул жолку иш-чаранын өзгөчөлүгү студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен биргеликте өткөрүлсө, быйылкы жылга чейин иш-чаралар өзүнчө өткөрүлүп келген.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Ак-Толкун пансионаты профессордук-окутуучулар жамаатынын сыймыгы жана сүйүктүү эс алуу жайы болуп саналат, Академиянын бардык кызматкерлери, окутуучулары жана билим берүү программаларынын студенттери үчүн социалдык стимул болуп саналат. Баарыныздарды Ак-Толкун пансионатына эс алууга чакырабыз.