КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

2022-жылдын 16-июнунда «Мыкты сапатка жол» сыйлыгы тапшырылды

17.06.2022

2022-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, «EdNet» Билим берүүнүн сапатын камсыздоо агенттиги менен биргеликте уюштурулган  «Мыкты сапатка жол» сыйлыгы тапшырылды. Иш-чаранын максаты - жогорку окуу жайлардын алдыңкы тажрыйбаларын аныктоо жана дем берүү, улуттук жогорку билим берүү системасындагы алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу.

“EdNet” агенттиги тарабынан жүргүзүлгөн аккредитациянын жыйынтыгы боюнча “Эң мыкты кесипкөй багытталган программа” номинациясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” (магистратура)  билим берүү программасы сыйланды.