КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда кафедрасынын окутуучусу, доц. Супатаева Н.Т. бизнес оюн форматында студенттердин өз алдынча иштерин ачык коргонусун өткөрдү

08.06.2022

2022-жылдын 7-июнунда  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Экономика жана менеджмент» кафедрасынын окутуучусу, доцент Супатаева Н.Т. MEН-1-20 тайпасы үчүн бизнес оюн форматында студенттердин өз алдынча иштерин ачык коргонусун өткөрдү.

Бул форманын маңызы – имитациялык моделдөө менен оюндун катышуучуларынын ролдук жүрүм-турумунун бир кыйла жогорку деңгээлдеги типтүү профессионалдык жана билим берүү милдеттерин чечүү процессиндеги мамилеси.

Окутуунун бул формасы менеджмент дисциплинасын өздөштүрүүнү баалоо үчүн тандалып алынганы бекеринен эмес.

Максаты – студенттердин ой жүгүртүүсүн ыкчамдоо, болочок адистин өз алдынча кылган аракетин жогорулатуу, чыгармачылык духун жайылтуу, студентти практикалык кесиптик ишмердүүлүккө даярдоо – ийгиликтүү ишке ашты.

Коргоону Экономика жана башкаруу кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор Абдиева А.И., «Билим берүү жана илим» кафедрасынын башчысы Исланова Р.У., кафедранын окутуучусу Тентимишева Г.К. жана ПБнын жетекчиси Орозбаева А.У. комиссия курамы баалады.