КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАда Миссури университетинин (АКШ) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

19.05.2022

2022-жылдын 18-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында студенттер, профессорлор жана кызматкерлер үчүн «Борбор Азиядагы саясат жана коом» темасында чет өлкөдө окуу программасынын алкагында Миссури университетинин (АКШ) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич жана  КРПМБАнын жогорку башкаруу жана башкаруу курстарынын директору Абдыраманова Чолпон Шабданбаевна алгач сөз сүйлөп, Эл аралык программалар боюнча вице-провост жана башкаруу жана коомчулук менен байланыштар боюнча доцент Мэри Стегмаер,  Англис тилин окутуу борборунун директору  Лили Соренсон  жана Эл аралык студенттик программалардын директору  Джиллиан Коллинзди тааныштырышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Миссури университетинин (АКШ) өкүлдөрү Миссуридеги англис тили программалары жана университеттин гранттык программалары тууралуу маалымат беришти.

Суроо-жооп форматында академиянын студенттери өздөрүнүн суроолорун берип, жооп алышты.