КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж. Абдрахманов атындагы КРПМБАнын Бакалавр программасынын жетекчиси жана 2- курсунун студенттери форумга катышышты

14.05.2022

2022-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын «Бакалавр» программасынын жетекчиси т.и.д., доцент Болпонова Асыл Бакытбековна жана академиянын 2- курсунун студенттери Аваскан уулу Элжан, Майрамбек уулу Уран, Орозбеков Нурхан Нурмукамбетович Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Салымбеков Университети тарабынан уюштурулган NOVOTEL мейманканасында болуп өткөн Бишкек шаарынын 11- класс мектеп окуучуларына арналган “Туура кесип- Келечек кепилдиги” аттуу форумуна катышышты.

Форумга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Бейшеналиев Алмаз Бейшеналиевич катышып, мектеп окуучуларынын кызыккан суроолоруна жооп беришип пикир алмашышты.