КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАда ЖОЖдор аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү

10.05.2022

2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө арналган жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата “Кыргыз Республикасынын конституциялык укугу: өнүгүүсү, көйгөйлөрү жана келечеги” темасынын алкагында ЖОЖдор аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Бул конференцияга чакырылган лектор Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Өскөнбаев Эмил Жолдошевич “Мамлекеттик бийлик тутумундагы Конституциялык соттун орду жана ролу” темасында лекция окуду.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койуу аземи болуп өттү.

Бул конференцияга академиянын, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин, Кыргызстан Эл аралык университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кесиптик юридикалык колледжи, Эл аралык Ала-Тоо университетинин студенттери жана магистранттары катышты.

Илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгы боюнча катышуучулар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын нормалары боюнча бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүп, талкуулашты.

Бул конференциянын жыйынтыгы боюнча ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференциянын катышуучуларына сертификаттар жана дипломдор тапшырылды. Бул иш-чаранын уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мамлекеттик башкаруу жана укук» кафедрасынын «Юриспруденция» программасы болду.