КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж. Абдрахманов атындагы КРПМБАда жетекчилеринин орун басарлары үчүн уюштурулган катар тренингдердин биринчи сериясы аяктады

31.03.2022

2022- жылдын 31 – март күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасы боюнча, министрдин орун басарлары жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары үчүн уюштурулган катар тренингдердин биринчи сериясы аяктады.

Академиянын проректору Аманалиев Урмат Олжобекович куттуктоо сөз сүйлөп, бул тренингдин максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берди.

Лекторлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевич, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мыйзам чыгаруу жана мыйзамдуулук институтунун директору Жаркынбаев Аязбек Дөөлөтбекович, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мусаев Сыртбай Жолдошович, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Досалиев Баялы Атамырзаевич жана экономика илимдеринин доктору, доц. Саякбаев Тилек Женишбекович.

Тренингдер төмөнкү актуалдуу темалар боюнча пландаштырылган:

- "Мыйзам долбоорун даярдоо, сунуштоо жана коргоо";

- "Эффективдүү эл алдында сүйлөө жана презентациялоо көндүмдөрү";

- "Ишкердик мамлекеттик тил";

- "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу";

- "Мамлекеттик кызматкердин этикасы".