КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАда Жапон ресурстук борборунун ачылышына арналган семинар болуп өттү

25.03.2022

2022 – жылдын 24 март күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Япониянын мамлекеттик башкаруу тажрыйбасын изилдөө жана илимий-практикалык жактан жалпылоо үчүн аянтча болуп калууга тийиш болгон академияда Жапон ресурстук борборунун ачылышына арналган семинар болуп өттү.

Алгач академиянын Жогорку Башкаруу мектебинин директору Аманалиев Урмат Олжобекович жана жаңы борборго колдоо көрсөткөн  Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Маэда мырза, ошондой эле JICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Кавамото мырза куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Семинардын жүрүшүндө  Япониянын экономикалык кереметине арналган академиянын жаңы экономика боюнча изилдөө бөлүмүнүн башчысы Улукман Мамытовдун доклады окулуп, андан соң Япониялык тажрыйбаны Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча талкуу жүрдү. Жаңы Япония Ресурстук борбору академиялык изилдөөлөр үчүн гана жакшы аянтча болуп калбастан, Кыргызстандын экономикасын андан ары өнүктүрүү үчүн жаңы идеялардын пайда болушуна салым кошот деп ишенебиз.