КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАда илимий-практикалык конференция  болуп өттү

24.03.2022

2022 – жылдын 23 – март күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – гендердик теңсиздиктин көйгөйлөрү:  жана келечеги” темасында илимий-практикалык конференция  болуп өттү.

Саясат илимдеринин доктору, доцент, Башкаруу жана администрлөөнүн жогорку курстарынын директору Абдыраманова Ч.Ш. куттуктоо сөзүн сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Г.О. Жамгырчиеваны жана БУУнун Аялдар уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсранды тааныштырды.

Конференциянын жүрүшүндө төмөндөгүлөр баяндама жасашты:

-  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактык башкармалыгынын башчысы Алымкулова Садыгул Адылбековна “Мамлекеттик кызматта гендердик теңчиликтин укуктук маселелери”

-   саясат  илимдеринин кандидаты, КРПМБАнын доценти Дүйшө кызы Нуржан “Жергиликтүү бийлик органдарындагы депутат аялдар”

-   саясат илиминин кандидаты  Нуралиев Нурлан «Гендер, миграция жана коопсуздук»

-  саясат илимдеринин доктору, доцент, Башкаруу жана башкаруунун жогорку курстарынын директору Абдыраманова Чолпон Шабданбаевна “Аялдар чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде: мамлекеттик кызмат жана илим чөйрөсү”

Бул конференциянын максаты: Гендердик теңчилик бүгүн, туруктуу келечек үчүн: мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу системасына Кыргыз Республикасынын  улуттук жана жергиликтүү деңгээлде гендердик саясатты ишке ашыруунун механизми катары кызмат кылган окуу курстарын киргизүү.