КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАсы, Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте онлайн конференция/лекциясын өткөрдү

10.03.2022

2022-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте Түндүк Македониядан Тетова университетинин доктору Яахи Яахиянын “Классикалык менеджмент жана мамлекеттик башкаруу илим катары, мамлекеттик башкаруунун модели Түндүк Македониянын мисалында” темасында онлайн конференция/лекциясын өткөрдү.

Модератор  Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич болуп, кириш сөздү Мамлекеттик кызмат боюнча Астана хабынын башкаруу комитетинин төрагасы Байменов Алиханга жана Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун долбоорунун жетекчиси, доктор Макс Георг Майерге берди.

Доктор Яахи Яахия лекциясынын жүрүшүндө классикалык мамлекеттик башкаруунун өзгөчөлүктөрү, жумушка орношуу үчүн тандоо жол-жоболору жөнүндө айтып берди жана 2017,2020 SIGMA, OECD мониторинг отчетун сунуштады.

Суроо-жооп форматында магистранттар, академиянын бүтүрүүчүлөрү жана бул иш-чаранын коноктору лекторго өздөрүнүн суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.