КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов  атындагы КРПМБАда Алишеров Нурдин Куванычбековичтин конок лекциясы болуп өттү

07.03.2022

2022-жылдын 4–мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов  атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Япониянын (Нигата, Япония), Эл аралык университетинин  Эл аралык өнүктүрүү боюнча магистратура программасынын бүтүрүүчүсү, Алишеров Нурдин Куванычбековичтин  «Жапония жана Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу: Салыштырмалуу анализ» темасында конок лекциясы болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич куттуктоо сөз сүйлөп, лектор Алишеров Нурдин Куванычбековичти тааныштырды.

Лекциянын жүрүшүндө Н.К. Алишеров Япония менен Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусуна салыштырма талдоо жасап, мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо системалары, жумуш орундары жана мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык мөөнөтүн токтотуу жөнүндө айтып берди.

Суроо-жооп форматында студенттер жана бул иш-чаранын коноктору лекторго өздөрүнүн суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.