КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Токтогазиев Тилек Мусалипович менен Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАнын студенттеринин ортосунда жолугушуу болуп өттү

24.02.2022

2022-жылдын 22-февралында улуу окутуучу Окенаева Майрам Жокеновна кураторлук кылган «Лидер» жана «ITF» студенттик клубдарынын алкагында Nomad Engineering компаниясынын негиздөөчүсү, күнөскана чарбалар ассоциациясынын төрагасы Токтогазиев Тилек Мусалипович менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттеринин ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Академиянын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич жана экономика илимдеринин доктору, профессор Абдиева Адиля Ильясбековна куттуктоо сөз сүйлөштү. Студенттер менен жолугушууда Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кыла ала турган агрардык доктрина жана айыл чарбасындагы орун алган көйгөйлөр талкууланды. Ошондой эле ата мекендик ири айыл чарба өндүрүүчүлөрүн өстүрүү ыкмаларын жана келечектүү тармактык багыттарды талкуулоого көңүл бурушту. Студенттердин кунт коюп угуп, андан кийин шыктануу менен суроолорду бериши коногубуздун лекциясы биздин бакалаврларыбыздын кызыгуусун жаратып, алардын келечектеги келечегин белгиледи.