КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов  атындагы КРПМБАда ачык лекция болуп өттү

21.02.2022

2022-жылдын 18-февралында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов  атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруунун абалы жана келечеги» темасында ачык лекция болуп өттү.

    Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич алгач сөз сүйлөп, лекторду Кыргыз Республикасынын Камсыздандыруучулар ассоциациясынын президенти, экс-экономика министри, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын экс-төрагасы, ф.и.к., профессор Молдокулов Сабыр Айдаркановичти  тааныштырды.

Лекциянын жүрүшүндө лектор камсыздандыруунун түрлөрү жана максаттары, Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруунун абалы жана келечеги жөнүндө чет өлкөлөрдун тажрыйбасынан мисалдарды келтирип айтып берди.

Суроо-жооп форматында катышуучулар лекторго өздөрүнүн суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.