КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАда илимий-практикалык семинар өткөрүлдү

21.02.2022

2022-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Башкаруунун жогорку мектебинин директору Аманалиев У.О. жана «Юриспруденция» кафедрасынын жетекчиси Курамаева Н.О. жетекчилиги алдында «Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдары» темасында илимий-практикалык семинар өткөрүлдү.

Чакырылган лектор 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин жана Жазык-процесстик кодексин иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсү, Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетинин жазык-процессуалдык жана соттук экспертиза кафедрасынын профессору  ю.и.к. Батырбаев Бактыбек Сулайманович.

Илимий-практикалык семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарынын калыптануу тарыхы каралып, айырмачылыктар жана окшоштуктар, ошондой эле 1999, 2017 жана 2021-жылдардагы Жазык-процесстик кодекстеринин көйгөйлүү маселелери белгиленди.

Конок лектордун сөзүнөн кийин академиянын студенттери жана магистранттары менен суроо-жооп форматында талкуу жүрдү.