КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Кыргыз Республикасынын Президенти КРПМБАга белгилүү мамлекеттик ишмер Ж. Абдрахмановдун атын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду

01.02.2022

Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына (КРПМБА) белгилүү мамлекеттик ишмер Ж. Абдрахмановдун атын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлык кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралардын алкагында жана анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана калыптандырууга кошкон тарыхый зор салымын эске алуу менен иштелип чыккан.