КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик  кеңеш презентация өткөрдү.

21.01.2022

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик  кеңеш «2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы саясаттын стратегиялары» темасында да презентация өткөрдү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич жалпы катышуучуларга  алгач сөз сүйлөө менен бирге, лекторлор менен тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө лекторлор Кеңештин башкы катчысы Муканова Нуруйпа Алиевна жана Стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Сакиев Эркин Эсенбекович коррупцияга каршы саясаттын стратегиясы, коррупцияны өткөрүү схемалары жана сунушталган чечүү жолдору тууралуу айтып беришти.

Суроо-жооп форматында катышуучулар лекторлорго өздөрүнүн суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.