КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАсы, КР ДИМК менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен эки күндүк окутуу семинары болуп өттү

20.01.2022

2022-жылдын 18-19- январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын» ишке ашыруу максатында, дин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты, мамлекеттин башкаруу системасы, түзүлүшү, коопсуздук жана радикализм, экстремизмди алдын алуу багыты боюнча эки күндүк окутуу семинары болуп өттү.

Алгач академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров жана Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев  сөз сүйлөшүп жалпы катышуучуларга семинардын максаты менен тааныштырышты.

Иш чаранын жүрүшүндө КРПМБАнын ректору Акматалиев А.А., КРПМБАнын Администрациялоонун жогорку мектебинин директору Аманалиев У.О. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу формасы”, “Кыргыз Республикасынын Конституциясы”  темасында жана ошондой эле  КРнын Ички иштер министрлигинин өкүлү Аманбаев М. “Кыргызстанда тыюу салынган уюмдар жана экстремизмди алдын алуу” темасында лекцияларын окушуп, суроо- жооп форматында талкуу жүргүзүштү.

Соңунда катышуучуларга сертификат (тастыктама) тапшырылды.

Иш-чаранын негизги максаты светтик мамлекеттин алкагында мамлекет менен исламдын өз ара аракеттенүүдө академиялык аянтчаларды түзүп, диний билим берүү, саясат таануу, маданият жана тарых жаатында илимий билимди жогорулатуу болуп саналат.