КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

“Жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу” программасынын магистранттарынын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү

10.12.2021

2021-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында Борбордук Азиядагы Ханнс Задель фонду менен биргелешкен  магистердик программасынын, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багытынын “Жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу” программасында билим алып жаткан магистранттардын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич,  Ханнс Зайдель фондунун  Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Доктор Макс Георг Майер алгач сөз сүйлөшүп, академиянын жана фондтун ишмердүүлүгү,  жолугушуунун максаты тууралуу кыскача түшүндүрмө берип, жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу магистердик программасынын окуу планын магистранттардын жетекчилери менен талкуу жүргүзүштү .

Иш чаранын жүрүшүндө МСУм-1-21 тайпасынын магистранттары “Аймактарды башкарууну өнүктүрүү: көйгөйлөр жана чечүү жолдору” темасында докладдарын сунушташты, ошону менен бирге Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Орозбаев Бектурган Ибраимович Кыргыз Республикасынын  жаңы кабыл алынган “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу”  мыйзамы боюнча түшүндүрмө берди.

Соңунда жалпы катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун узатышып жооп ала алышты.