КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБА да Ч.Т.Айтматовдун 93 жылдыгына арналган “Аалам алпы – Айтматов” аттуу адабий-музыкалуу кечеси өткөрүлдү

07.12.2021

2021-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында кыргыз элинин дүйнө жүзүнө таанымал, белгилүү жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун 93 жылдыгына арналган “Аалам алпы – Айтматов” аттуу адабий-музыкалуу кечеси өткөрүлдү. Эскерүү кечебиздин негизги максаты – улуу жазуучубуздун басып өткөн жолунда канчалык кыйынчылыктар болсо да, кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытып, чыгармалары менен элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө  калаарын дагы бир ирет даңазалоо жана атактуу жазуучунун тарбиялык мааниси зор чыгармаларын студенттерге таанытуу менен бирге, аларды адамгерчиликке, ыймандуулукка, улууларды урматтап, кичүүлөрдү ызааттоого тарбиялоо.

Кеченин расмий бөлүгүн КР ПМБАнын ректору, профессор А.Акматалиев ачып берди. Бул кечеге Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунан келген коноктор: филология илимдеринин кандидаты, ага илимий кызматкер Садыров Мурат агай, илимий кызматкерлер Сапалкан Арипов жана Омуралиева Жанар эже сөз сүйлөшүп,  Ч.Айтматовдун китептерин белек катары тапшырышты.

Кеченин экинчи бөлүгүндө бакалавр программасынын 1-курстарынын студенттери тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды. Мында студенттер Ч.Айтматовго арналган көркөм окуу, обондуу ырларды жана чыгармалардан алынган каармандардын образдарын мыкты деңгээлде аткарышты. Жыйынтыгында адабий-музыкалуу кечеге жигердүү катышкан студенттерге тарбия иштери боюнча координатор, философия илимдеринин кандидаты, доцент Э.Б.Арапова тарабынан тастыктамалар тапшырылды. Ошондой эле КР ПМБАнын ректору тарабынан кечени уюштурган филология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Урусова Гүлайым Бейшеновнага жана демөөрчүлөр, КРУИАнын илимий кызматкерлери Сапалкан Арипов жана Омуралиева Жанарага ыраазычылык каттары берилди. Ал эми академиянын китепкана кызматкерлери тарабынан Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган көргөзмө уюштурулду.