КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАнын ректору Акматалиев А. А. "Кыргызстандын 100 мыкты студенти -2021"  сынагынын жеңүүчүлөрү академиянын студенттери  менен жолугушту

03.11.2021

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич "Кыргызстандын 100 мыкты студенти -2021" сынагынын жеңүүчүлөрү академиянын студенттери  менен жолугушту.

Сынак "Керемет холдинг" уюму тарабынан уюштурулуп, демөөрчүлөр Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жана ошондой эле жеке ишкер Аскар Салымбеков фонду тарабынан  болуп өттү.

Бул сынактын алкагында илим-билим, спорт, маданият, чыгармачылык, жаратмандык жана коомдук иштерде активдүү катышкан  алдыңкы 100 эң мыктылары аныкталып  2021-жылдын 29-октябрь күнү Бишкек шаарында сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Мында КРнын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын элеси түшүрүлгөн "Кыргызстандын 100 мыкты студенти -2021" төш белгиси, Ардак грамота жана баалуу китептер менен сыйланышкан.

Жолугушуу учурунда Акматалиев Алмазбек Акматалиевич “Менеджмент” багытынын студенти Максатова Айгул Максатовнаны, “Юриспрудеция” багытынын студенти Жаныбек уулу Нуртилекти, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багытынын студенти Мамытбеков Марат Мамытбековичти жана “КМШнын эң мыкты студенти – 2021” сынагынын жеңүүчүсү “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багытынын студенти Кадыркулов Абдусамат Рахманбердиевичти сыйлыктары менен куттуктап алдыда даагы көптөгөн ийгиликтерди каалады.