КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАнын ректору Акматалиев А. А. КРнын Инвестиция министрлиги менен биргеликте, Түркиянын OSTİM делегациясы менен жолугушуу болуп өттү

05.10.2021

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич Кыргыз Республикасынын Инвестиция министрлиги менен биргеликте, Түркиянын OSTİM уюшкан өнөр жай аймагынын башчысы Орхан Айдын жана OSTİM Техникалык университетинин башчысы Мурат Юлек баштаган делегация менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга мамлекеттик органдардын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү ишкерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Түркия тарабы Кыргызстанда өнөр жай жана өндүрүштүк аймак ачуу боюнча сунуш берип, аны үчүн керектүү кадамдарды биргеликте жасоо ниетин билдирди. Жогорудагы максаттарды ишке ашыруу максатында биргелешкен кыргыз-түрк мекемесин ачуу боюнча макулдашылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен OSTİM Техникалык университетинин ортосунда эки тараптуу билим берүү жана илим  изилдөө чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, профессордук -окутуучулук курамдын жана студенттердин алмашуусу боюнча  кызматташуу Меморандумуна кол коюшту.