КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАнын Профсоюздук коому тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөө аземи болуп өттү

05.10.2021

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын Профсоюздук коому тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөө аземи болуп өттү.

Иш чарада академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич жана академиянын Профсоюздук коомунун төрайымы Сулайынбекова Айжан Айтбековна алгач сөз сүйлөп жалпы академиянын кызматкерлерин жана мугалимдерин  Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктоо менен бирге, т.и.д. Болпонова Асыл Бакытбековнага «КРПМБАнын Ардактуу профессору» наамынын диплому жана жигердүү кызмат көргөзгөндүгү  учүн бир катар кызматкерлерге жана мугалимдерге ардак грамоталарды тапшырышты.

Ошону менен бирге академиянын студенттери билим берүү кызматкерлерин куттуктап чакан концерттик программа тартуулашты.