КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда, Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышынын 32 жылдыгына арналган интеллектуалдык таймаш болуп өттү

23.09.2021

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышынын 32 жылдыгына арналган Тилимменин тирегим аттуу 1-2-курстар арасында интеллектуалдык таймаш болуп өттү.

 

Таймашта алгач сөз менен КРПМБАнын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Балташев Илязбек Алтынбекович, КР Билим берүү жана илим министринини коомдук кеңешчиси, КРПМБАнын бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Уркунчиев Тилек Калыгулович жана ошондой эле академиянын бакалавр программасынын жетекчиси Супатаева Нуржан Тилекматовна жалпы иш-чаранын катышуучуларна ийгилик каалоо менен бирге тил майрамы менен куттуктап сөз сүйлөштү.

 

Таймашка: 1-2-курстун студенттеринин арасында түзүлгөн «Мурас», «Келечек», «Жалын» тайпалары Манас айтуу, көркөм окуу, видео-тасма (менин кыргыз тилине кошкон салымым) жана макал-лакаптар сынактары боюнча таймашышты.

 

Жыйынтыгында таймаштын калыстар тобунун мүчөлөрү: Бишкек шаарынын Биринчи-Май районунун мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шамканова Нурзада Джумабековна, Бишкек шаарынын Биринчи-Май районуна караштуу 54 орто мектебинин директору Илиясова Жылдыз Турганалиева, КРПМБАнын окуудан сырткаркы тарбиялык иштер боюнча координатору, философия илиминин кандидаты, доцент Арапова Эльмира Байышовна, филология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Урусова Гүлайым Бейшеновна

 

I орундуЖалынтайпасына;

 

II орундуКелечектайпасына;

 

III орундуМурас тайпасына жана мыкты Манас айтуу, көркөм окуу наминацияларында студенттерге жана ошондой эле жеңүүчү командаларга жигердүү катышкандыгы үчүн , Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан берилген китептер жана академиянын тастыктамаларын тапшырышты.

 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин кадыр-баркын көтөрүү, студенттерге ата-бабалардан келе жаткан кыргыз тилин билүүгө жана аны өнүктүрүүгө, салым кошууга чакыруу, ошону менен бирге кыргыз элинин улуттук каада-салттарын, маданиятын даңазалоо жана тарбиялоо максатында уюштурулуп өткөрүлдү.