КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда «Кумтөрдүн тарыхы жана келечеги» темасында конок лекция болуп өттү

04.06.2021

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында «Кумтөрдүн тарыхы жана келечеги» темасында конок лекция болуп өттү.

КРПМБАнын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич алгач сөз сүйлөп, конок лекциянын лектору Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Жапаров Акылбек Усенбековичке сөз узатты.

Иш чаранын жүрүшүндө Жапаров А.У. Кыргызстандагы стратегиялык маанилүү долбоору болуп эсептелинген Кумтөр жөнүндө,  Кумтөр кандайча башталган, кандайча уюштурулган жана ал Кыргызстанды кандай денгээлге көтөрүш керек эле, жана ошондой эле  өлкөбүздүн башка жаратылыш байлыктарын өздөштүрүүнүн мындан ары жол-жоболоштуруу маанилүү деңгээлде Кумтөрдү иштетүү тажрыйбасынан да көз каранды экендиги жөнүндө кеңири маек куруп берди.

Лекциянын соңунда академиянын мугалимдери, студенттери, магистранттары жана коноктор Жапаров Акылбек Усенбековичке көптөгон кызыктуу суроолорун узатышып жооп ала алышты.