КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары жана бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулган  “Дарак - Ыры” кино тасмасы көргөзүлдү

19.05.2021

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында Ханнс Зайдель фондунун биргелишкен магистердик программаларынын  стипендианттары жана бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулган  “Дарак - Ыры” кино тасмасы көргөзүлдү.

КРПМБАнын ректору, профессор Акматалиев А.А. жалпы көрүүчүлөр жана коноктор менен саламдашуу менен бирге уюштуруучулар тобуна ыраазычылыгын билдирди жана ошондой эле Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси доктор М.Г. Майер, киномотография департаментинин башчысынын орун басары Усупбекова А.К. алгач өз сүйлөштү.

Иш чаранын соңунда  "Дарак ыры" фильминин сценарийинин автору,  режиссеру  КРнын Киномотографистер союзунун төрагасы  Дайырбеков А.У., башкы каарман-КРнын Эмгек сиңирген артисти, Сманбеков Т. жана  Дарак ыры фильминин продюссери- Дайырбекова Т.  тасманын көрармандары магистранттар жана академиянын бүтүрүүчүлөру тарабынан берилген суроолорго жооп берип кызыктуу маек курушту.