КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда диплом тапшыруу аземи болуп өттү

29.03.2021

2020 - жылдын 29 – мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдель фондунун биргелишкен магистердик программалардын "Менеджмент" багытынын МЕН-1-18 тайпасынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

КРПМБАнын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси доктор Макс Георг Майер, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орун басары Курманов Абдулазим Айдарович жана КРПМБАнын проректору Баймулдинова Анара Токталиевна, «Экономика жана менеджмент» кафедрасынын башчысы Абдиева Адиля Ильясбековна, «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» кафедрасынын башчысы Жапаров Турдубек Турдалиевич, Илим жана билим департаментинин жетекчиси Исланова Рахат Усенбековна бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, дипломдорду тапшырышты.