КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАсында Джордж Оруэллдин кыргыз тилине которулган «Айбан Ферма» китебинин презентациясы болуп өттү.

09.02.2021

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында «Коррупциянын алдын алуу саясаты», «Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу: Туруктуу өнүгүү» илимий-изилдөө кафедраларынын алкагында Джордж Оруэллдин кыргыз тилине которулган «Айбан Ферма» китебинин презентациясы болуп өттү.

Академиянын ректору А.Акматалиев иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөө менен бирге  китепти кыргыз тилине которгон, саясий жана тарых илимдеринин доктору А. Акуновду жана  - БААУнын антропология багытынын  3- курсунун студенти Ильяс Каныбекти тааныштырып сөз узатты.

Иш чарага модератор ф.и.к., доцент Арапова Э.Б., т.и.д., профессордун м.а. Болпонова А.Б. жана ошондой эле магистранттар катышышты.