КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАнын жетекчилиги жана Борбордук Азиядагы ФХЗ долбоордун жетекчиси Академиянын Оштогу филиалына расмий иш сапары менен барышты

06.02.2021

     2021- жылдын 6-февралында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясынын жетекчилиги КРПМБАнын ректору А.А.Акматалиев, КРПМБАнын проректору Баймулдинова А.Т., ошондой эле Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдел Фонду долбоордун жетекчиси, Доктор М.Г. Майер Академиянын Оштогу филиалына расмий иш сапары менен барышты.

КРПМБАнын жана ХЗФнун жетекчилигинин иш сапарынын жүрүшүндө бир катар жолугушуулар болуп өттү:

- Т.Сатылганова атындагы облустук китепканада КРПМБАнын жана ХЗФнун биргелешкен магистратура программасынын ГУ-3-21 тобунун магистратурасынын катарына кабыл алуу үчүн сунушталган талапкерлер менен жолугушту.;

- академиянын окуу процесси менен таанышты.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдураимов Ж.О. менен жолугушуу болуп өттү. , Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу келишимине кол коюлду.

Ошондой эле, КРПМБАнын жана ХЗФнун жетекчилиги Ош облусу боюнча КРПМБАнын жана ХЗФнун биргелешкен магистрдик программасынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту.