КРПМБАсы менен “Жол курулуш компанияларынын ассоциациясынын” ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду
05.02.2021
2021-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен “Жол курулуш компанияларынын ассоциациясынын” ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Кол коюлган Меморандумдун максаты - КРПМБАнын мындан аркы ишмердүүлүгүн жана “Жол курулуш компанияларынын ассоциациясынын” ишмердүүлүгүн өркүндөтүү үчүн биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатында кызматташуу.