КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда конференция болуп өттү...

03.02.2021

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында "Экономика жана ММБ: Санариптик трансформация" жана "Финансылык экономика жана ЕАЭБ" илимий-изилдөө кафедраларынын алкагында "Экономиканы жана башкарууну санариптик трансформациялоо" темасында конференция болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев А. жана КРПМБАнын Мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү институтунун директору Мамытов У. конференциянын жүрүшүнө жана катышууларга ийгилик каалап сөз сүйлөштү.

Модераторлор: экономика илимдеринин доктору, профессор, "Экономика жана ММБ: Санариптик трансформация" илимий-изилдөө кафедрасынын башчысы А.Абдиева,

Экономика илимдеринин доктору, профессор, "Финансылык экономика жана ЕАЭБ" илимий-изилдөө кафедрасынын башчысы М.Токтобекова.

Конференцияга академиянын магистранттары, аспиранттары жана окутуучулар жамааты докладтары менен катышышты.