КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

"Кепилдик Фонд чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн куралы" темасында ачык лекциясы болуп өттү

21.01.2021

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясында "Финансылык экономика жана ЕАЭБ" изилдөө кафедрасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын "Кепилдик Фонду ААКнун башкармалыгын  төрагасы Абакиров Малик-Айдар Барктабасовичтин   "Кепилдик Фонд чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн куралы" темасында ачык лекциясы болуп өттү.

Академиянын ректору А.Акматалиев сөз сүйлөп, лекциянын катышуучуларына салам айтты.

Ошондой эле, иш-чарага А.Т.Таширов - ф.и.д., “Кепилдик Фонду” ААКнун Стратегиялык өнүгүү жана кепилдик камсыздандыруу департаментинин башчысы,

Токтобекова М.А. – э. и. д, КРПМБАнын "Финансылык экономика жана ЕАЭБ" ИИК башчысы ,

Абдиева А.И. – э. и. д., профессор, КРПМБАнын “Экономика жана менеджмент” кафедрасынын башчысы,

Жапаров Т.Т. – э. и. д., КРПМБАнын “Мамлекеттик башкаруу жана укук” кафедрасынын башчысы, ошондой эле студенттер, магистранттар жана аспиранттар катышышты.

Суроо-жооп форматында, лекциянын катышуучулары өздөрүнүн суроолорун бере алышты.