КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгы

20.01.2021

2021-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында белгилүү кыргыз тилчи, лексикограф Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган бакалавр тайпаларынын ортосунда иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада студенттер тилчи-окумуштуу тууралуу өз алдынча иштерди, рефераттарды даярдашты жана презентацияларды жасашты. Ошону менен бирге эсселерди жазышты.

Бул бир айлык өнөктүк залкар инсандын өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү кылуу, эмгектерин, илимий мурастарын жайылтуу, студенттерди сабаттуулукка үндөө, кыргыз тилинин байлыгын даңазалоо максатында уюштурулган.

#мамтил#Карасаев_120