КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБА да ГУм-1-18, ГУм-2-18, ГУм-3-18 тайпаларынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү

04.12.2020

2020 - жылдын 04 - декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель фондунун биргелишкен магистердик программалардын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багытынын “Мамлекеттик башкаруу” профилинин ГУм-1-18, ГУм-2-18, ГУм-3-18 тайпаларынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

КРПМБАнын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси доктор Макс Георг Майер, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орун басары Тарбинский Олег Станиславович жана КРПМБАнын проректору Баймулдинова Анара Токталиевна бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, дипломдорду тапшырышты.