КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАДА ОНЛАЙН ЛЕКЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ ЛЕКТОР ЁН ХЕ ДЖОНГ МЫРЗА

17.06.2020

2020-жылдын 17-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында "Корея мамлекеттик кызматынын адамдык ресурстарды өнүктүрүү тутуму жана мамлекеттик сектордо электрондук билим берүүнү өнүктүрүүнүн баскычы" деген темада онлайн-лекция болуп өттү.

Лектор - Маалымат технологияларын өнөр жайын илгерилетүү боюнча улуттук агенттиктин эксперти, "World Friends Korea" программасынын алкагында билим берүүдөгү санариптештирүү боюнча КРПМБАнын консультанты Ён Хе Джонг мырза.

Онлайн-лекциянын катышуучуларын Академиянын ректору, профессор А.Акматалиев куттуктады.

Магистранттар жана бүтүрүүчүлөр менен катар Тажикстан Республикасынан келген коноктор, профессордук-окутуучулук курам, ошондой эле Академиянын кызматкерлери онлайн-лекцияларга активдүү катышышты.

Лекциянын аягында катышуучулар өзүлөрүн кызыктырган суроолорду берип, аларга жооп ала алышты.