КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

КРПМБАда АКАДЕМИЯНЫН ОКУТУУЧУЛАР ЖАМААТЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИН СЫЙЛОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

08.06.2020

2020-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, академиянын профессордук-окутуучулук курамына жана кызматкерлерине сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан "Финансы рыногунун мыкты кызматкери" ардак наамы экономика илимдеринин доктору профессордун милдетин аткаруучу, экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысы А.И.Абдиевага ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан "Бухгалтердик эсеп жана аудиттин отличниги" ардак наамы экономика илимдеринин кандидаты С.З.Сейдахматовага ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык Комиссиясынын Президиумунун чечими менен "Саясат таануу" адистиги боюнча доцент илимий даражасы филология илимдеринин кандидаты Э.Дж.Турсуновага ыйгарылды.

Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.У.Деркимбаева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ардак грамотасы менен сыйланды.